1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

АНГЛИС ТИЛИ СӨЗГӨ БАЙ ТИЛДЕРДИН БИРИ

     Англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу М.М.Төрөмаматова ЧТ-1-22 тайпасына “Англис тилинин тарыхы” сабагынан ачык сабак өттү. Сабак англис тилинде өттү жана темасы “Modern English period” болду.

     Сабактан максаты: англис тили башка тилдерден алынган сөз байлыгын кантип кеңейткенин изилдөө аркылуу студенттердин заманбап англис тилинин мезгили жөнүндө түшүнүгүн өнүктүрүү жана студенттерди заманбап англис тилине башка тилден алынган сөздөрдүн келип чыгышын жана колдонулушун жигердүү изилдөөгө, талдоого жана талкуулоого түрткү берүү.

     Сабактын максатына жетүү үчүн, студенттер ар улуттун кийимин кийишип, тайпаларга бөлүнүшүп, ошол элден алынган сөздөр боюнча презентацияларды жасашты түшүндүрмө беришти.

      Ошондой эле, ошол сөздөргө  ар кандай оюн, кроссворд, тапшырма, ырлар берилди. Техникалык каражаттар, көргөзмө куралдар да колдонулду.  Сабак өз максатына жетти деп айта алабыз, себеби студенттер гана эмес окутуучулар үчүн да көп пайдалуу маалыматтар берилди жана ал маалыматтар баарына жеткиликтүү болду.