1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ УЛАНУУДА

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында 3-курстар үчүн жумуш ордунда окутуу программасы эффективдүү уюштурулуп жатат. Себеби,  кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилер студенттер менен байма-бай жолугушуп, методикалык жардам көрсөтүп жатышат.

       Практика жетекчи  А.А.Сопукулова шаардагы №14 жана №4 жалпы билим берүүчү орто мектептерде практикант-студенттер менен жумуш ордунда окутууну улантты. Практика жетекчи менен практикант-студенттер   биргеликте сабактарга катышып,байкоо жүргүзүштү. Тактап айтканда, №14 мектепте 9-г класста англис тили жана №4 мектепте 7-б класста география сабагында болушту. Сабактын акырында сабактын ар бир этабын талдап, анализ жүргүзүштү жана практиканттар өтө турган ачык сабактарга даярдык көрүлдү.