1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА: ПРАКТИКАНТ-СТУДЕНТТЕР АЧЫК САБАКТАРДЫ ӨТҮШТҮ

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын 3-курстун студенттери кесиптик-базалык практиканын алкагында шаардагы мектептерде болуп, ачык сабактарды өтүштү. Бул практика студенттерге теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярданууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.

     Ачык сабактар ар түрдүү темаларды камтып, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. ЧТ-1-23 тайпасынын студенттери Жаркын кызы Айзирек 5-класска “My Day”, Рахманкулова Майрамгул жана Каримова Насиба 5-класска “I like / I don’t like” темалары боюнча сабактарды өтүштү.

     Ошондой эле, ЧТк-3-23 тайпасынын студенттери да өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүштү. Орунбаева Аксана 10-класска“Technology and Health”, ал эми Азамат кызы Апал 5-класска “What do you like doing” темалары боюнча сабактарды өтүштү. Мындан тышкары, ЧТк-2-23 тайпасынын студенттери Нурбек кызы Айсалкын жана Каримова Зураида 5-класстын окуучуларына ачык сабактарды уюштурушту.

     Сабактардын жүрүшүндө студенттер заманбап окутуу ыкмаларын, интерактивдүү методдорду жана санариптик тиркемелерди кеңири колдонушуп, окуучулар менен активдүү иш алып барышты. Бул ыкмалар сабактарды кызыктуу, жандуу жана натыйжалуу өткөрүүгө шарт түздү.Мындай ачык сабактар студенттердин педагогикалык тажрыйбасын арттырууга, ошондой эле мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун күчөтүүгө чоң салым кошту. Практиканын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгын, уюштуруучулук жөндөмүн жана окутуу чеберчилигин ийгиликтүү көрсөтө алышты.