1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКА УЧУРУНДА АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛДҮ

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-23 тайпасынын студенттери Маманова Мадина жана Ырысбаева Курманжан Манас шаарындагы №5 жалпы орто билим берүүчү мектепте 8-класска “Prepositions of place”,  5-класска “My Day” темасында ачык сабак өтүштү. Ачык сабакка англис тили жана адабияты кафедрасынын практика жетекчилери А.Д.Керимбердиева жана Н.А.Ташиева катышышты. Ачык сабактардын негизги максаты  окуучулардын англис тилинде сүйлөө, угуу жана окуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталып,  жаңы сөздөрдү колдонуу аркылуу сүйлөө речин  жакшыртуу болду.

      Сабактарда студент-практиканттар жаңы темаларды техникалык каражаттарды колдонуу менен түшүндүрүп беришти. Сабактын жүрүшүндө оюн элементтери да колдонулду. “Find the object” жана “Where is it?” сыяктуу оюндар аркылуу окуучулар предметтердин жайгашуусун аныктап, англис тилинде сүрөттөп беришти. Бул ыкма сабакты кызыктуу кылып, окуучулардын активдүүлүгүн арттырды. Сабактын аягында кыскача жыйынтык чыгарылып, окуучулар өз билимдерин текшерүү үчүн кичи тапшырмаларды аткарышты.

     “My Day” темасы боюнча ачык сабактын максаты окуучуларга күнүмдүк иштерди англис тилинде айтып берүүгө үйрөтүү, жаңы сөздөрдү колдонуу жана сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Практикант презентация аркылуу күнүмдүк аракеттерди билдирген сөздөрдү үйрөттү: wake up, brush my teeth, have breakfast, go to school, do homework, play with friends, go to bed ж.б. Окуучулар бул сөздөрдү сүйлөмдөрдө колдонуп, өз күн тартиби жөнүндө айтып беришти. Сабакта интерактивдүү оюндар жана чыгармачыл тапшырмалар колдонулду. Айрым окуучулар өз күн тартибин сүрөт аркылуу көрсөтүп, англис тилинде баяндап беришти. Бул алардын тилдик активдүүлүгүн жана өз оюн эркин айтуусун өнүктүрдү.

      Сабактын соңунда жыйынтык чыгарылып, окуучулар бүгүнкү темадан алган билимдерин бекемдешти. Натыйжада алар “My Day” темасы боюнча күнүмдүк иштерин англис тилинде так жана туура айтып берүүгө үйрөнүштү.