1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА ЖОЛ: АЧЫК САБАКТАР КАРЬЕРАНЫН БАШТАЛЫШЫ КАТАРЫ

     Ар бир адис бир убакта карьерасынын башталышында турган. Педагогикалык окуу жайлардын студенттери үчүн бул жол өзгөчө маанилүү анткени, теориялык билимиңди чыныгы кесиптик чөйрөдө колдонуу керек. Практиканттар үчүн ачык сабактар  өз билимиңди жана көндүмдөрүңдү текшерүүгө гана эмес, ошондой эле алардын чыныгы жашоодо кандай пайдалуу болушу мүмкүн экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берген маанилүү этап.Теориядан практикага ийгиликтүү өтүүнүн үлгүсү катары.

      ЧТк-3-23 тайпасынын студенти Бактыбек кызы Бегимайдын профессионалдык-базалык практика учурунда, инновациялык мектеп-лицей №14 С.Давлетов атындагы 4-А класста өткөргөн ачык сабагын мисал келтирсе болот. Сабактын темасы  англис тилин үйрөнүүдө маанилүү бөлүк болгон "Модалдык этиш CAN". Бул этиш балдарга жөндөмдүүлүктөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана уруксаттарды билдирүүгө жардам берет.Сабак учурунда Бегимай ар кандай методикаларды колдонуп, грамматикалык теманы жеңил жана түшүнүктүү кылып жеткирүүгө аракет жасады. Окуучулар интерактивдүү тапшырмаларга активдүү катышып, CAN этишин күнүмдүк сүйлөмдөрдө колдонулушун жакшы үйрөнүштү. Практикант жөн гана теориялык бөлүктү түшүндүрүп койбостон, ошол эле учурда окуучуларга практикалык көндүмдөрүн колдонууга мүмкүнчүлүк берген тапшырмаларды да уюштурду.

      Бул сабак жаш педагогдордун өз кесиптик сапаттарын жакшыртуудагы ачык сабактардын пайдалуулугун жакшы көрсөткөн үлгү болуп калды. Бактыбек кызы Бегимай балдар менен иштөө жөндөмүн, билим берүү процессин уюштуруу жана теориялык билимдерди чыныгы шарттарга ылайыкташтыруу жөндөмүн көрсөттү. Сабак анын кесиптик өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп, келечекте ага пайдалуу тажрыйба болду.