1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

      Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Нышанбай кызы Байыма студенттердин кесиптик-базалык практикасынын жүрүшүндө №13 орто мектебине барып, практикант студенттердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Практика учурунда ал студенттер өткөргөн сабактарга катышып, окутуу процессин уюштурууда жана окуучулар менен натыйжалуу иш алып барууда керектүү усулдук багыттарды көрсөттү. Мындан тышкары, студенттер менен пикир алышуу жүргүзүлүп, сабакты пландоо, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана классты башкаруу боюнча сунуштар айтылды. Окутуучунун мындай колдоосу студенттердин педагогикалык тажрыйбасын байытып, болочок кесиптик ишмердүүлүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.