1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ - КЕЛЕЧЕКТЕГИ АДИСТЕРДИ РЕАЛДУУ ЖУМУШ ШАРТТАРЫНА ДАЯРДОО

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д.Керимбердиева, Г.А.Орозбаева жана Ч.К.Абдыкалыкова Манас шаарындагы №2 орто мектепке барып студент-практиканттар менен практика учурунда жумуш ордунда окутуу боюнча иш алып барышты.

       Студенттерге жумуш ордунда окутуу учурунда сабак өтүү, өз билимин,  тажрыйбасын өркүндөтүү, жумуштагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеп-кеңештер айтылды.

     Жумуш ордунда окутуу студенттер жана жаш адистер үчүн абдан пайдалуу. Алар окуу жайда үйрөнгөн билимдерин иш жүзүндө колдонуп, өз кесибин жакшыраак түшүнүү менен биргеликте практикалык көндүмдөрдү өнүктүрөт. Мындан сырткары, алар реалдуу иш шартында тажрыйбасын жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн жакшыртышат. Жумуш ордунда окутуу келечектеги жумушка даярдоодо чоң роль ойнойт. Кээ бир учурларда практикадан жакшы өткөн студенттер кийин ошол эле мекемеге жумушка кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү бар.

      Демек, жумуш ордунда окутуу билимди бекемдеп гана тим болбостон, студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө жана келечектеги карьерасына чоң мүмкүнчүлүк түзөт.