1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

“MY DAY” ТЕМАСЫНДА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

       Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23 тайпасынын студенти Курсантбек кызы Жаннат Манас шаарындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектепте 5-класска “My Day” темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка англис тили жана адабияты кафедрасынын практика жетекчилери А.Д.Керимбердиева, Г.А.Орозбаева жана Ч.К.Абдыкалыкова катышышты. Сабак окуучулардын англис тилинде күнүмдүк иштер тууралуу сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Сабактын негизги максаты – окуучуларды өзүнүн күн тартибин англис тилинде туура жана эркин айтып берүүгө үйрөтүү, ошондой эле жаңы сөздөрдү колдонуу аркылуу сүйлөө жана түшүнүү көндүмдөрүн жакшыртуу болду.

     Сабак кызыктуу жана активдүү ыкмалар менен өткөрүлдү. Алгач мугалим окуучуларга “My Day” темасына байланыштуу жаңы сөздөрдү түшүндүрүп, мисалдар аркылуу колдонуп көрсөттү. Андан кийин окуучулар өздөрүнүн күнүмдүк иш-аракеттери тууралуу сүйлөп, “I wake up”, “I go to school”, “I do my homework” сыяктуу жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзүштү. Сабактын жүрүшүндө окуучуларга ар түрдүү тапшырмалар берилди жана окуучулар бири-бири менен англис тилинде баарлашууга аракет кылышты. Ошондой эле сүрөттөр, карточкалар жана кызыктуу тапшырмалар колдонулуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артты.

      Ачык сабактын жыйынтыгында окуучулар “My Day” темасы боюнча өз ойлорун англис тилинде айтууга аракет кылышып, жаңы сөздөрдү туура колдонууга үйрөнүштү. Мындай сабактар окуучулардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун күчөтүп, алардын билим деңгээлин жогорулатууга жардам берет.