Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы
2024-жылдын 5-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-23 тайпасы жана куратору Гүлбара Жороева тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү.
Куратордук саатта Туунун жана калпактын тарыхы жөнүндө баяндама жасалды. Ошондой эле студенттер Туунун жана калпактын баалуулугун, ордун даңазалаган ырлардан көркөм окушуп, слайд түрүндө Туунун, калпактын маңыз маанисин көрсөтүшүп, ырларды ырдашты. Куратордук сааттын максаты студенттерге Туунун, желбиреген желегибиздин, Ак калпактын ыйык орду чоң экенин көрсөтүү, кыргыз калкынын баш кийимин ардактоо салтын үйрөтүү.