1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Н.Э. Арсланбекова Манас шаарындагы №1 жана №9-орто мектептерине барып, студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу өткөрдү.Бул иш-чара кесиптик-базалык практиканын алкагында уюштурулуп, келечектеги адистердин мектеп чөйрөсүнө аралашуусуна багытталды.Жумуш ордунда окутуунун негизги максаттары: Студенттердин өз адистиги менен жакындан таанышуусу,педагогикалык ишмердүүлүккө зарыл болгон релеванттуу көндүмдөрдү өстүрүү жана мектеп жамааты жана окуучулар менен өз ара аракеттенүүнү үйрөнүү.

     Иш-чара учурунда Н.Э. Арсланбекова студенттер менен биргеликте мектеп мугалимдеринин сабактарына катышып, аларга тереңдетилген анализ жүргүзүштү. Мындай практикалык кадамдар теориялык билимди реалдуу иш чөйрөсү менен айкалыштырууга чоң өбөлгө түзөт.