1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

ИННОВАЦИЯЛЫК ЭКОСИСТЕМАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

     2026-жылдын 5-мартында Манас шаарында инновациялык экосистеманы өнүктүрүү багытындагы семинар уюштурулду. Бул семинар бизнес-инкубатор тарабынан өткөрүлүп, катышуучуларга стартаптарды өнүктүрүү, инновациялык технологияларды колдонуу, ошондой эле долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Семинарга англис тили жага адабияты кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

     Семинардын программасы бир күндүк интенсив түрүндө өтүп, катышуучуларды долбоор даярдоонун негизги этаптары, идеяны иштеп чыгуу жана презентациялоо ыкмалары менен тааныштыруу максатында түзүлдү. Тренерлер жана бизнес-инкубатордун адистери катышуучуларга практикалык тапшырмаларды берип, теориялык билимдерди иш жүзүндө колдонууга үйрөттү.

     Бул иш-чара инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө салым кошуп, катышуучуларга идеяларды натыйжалуу долбоорго айландыруу, ишкерлик чөйрөсүндө компетенцияны жогорулатуу, ошондой эле технологиялык жана бизнес процесстерди башкаруу боюнча маалымат беришти.