1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

МЭЭРИМДЕН БАШТАЛГАН ИЙГИЛИК

        Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата “Мээримден башталган ийгилик” аттуу жолугушуу кечеси уюштурулду. Иш-чараны кафедранын ЧТк-3-24 тайпасынын студенттери жана алардын куратору А.А. Сопукулова демилгелеп, жогорку деңгээлде өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты — студенттердин апаларын уул-кыздары билим алып жаткан окуу жай менен жакындан тааныштыруу, университеттин мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги перспективалары тууралуу маалымат берүү, ошондой эле 8-март майрамына карата жагымдуу майрамдык маанай тартуулоо болду.

         Иш-чаранын жүрүшүндө куратор А.А. Сопукулова келген конокторго окуу жайыбыздын 100 жылдык тарыхы, бүгүнкү күндө студенттер үчүн түзүлгөн билим берүү, илимий,чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Баяндын соңунда ал:“Мээрим жана сүйүү менен тарбияланган бала жашоого ишенимдүү кадам таштап, ийгиликтүү жана бактылуу инсан болуп калыптанат. Мындай мээрим менен сүйүүнү балага үйдөн апалар, ал эми окуу жайдан окутуучулар берет”, — деп белгиледи.

          Андан соң студенттер апаларга жана эжекелерге арналган чакан майрамдык концерттик программа тартуулашты. Концерттин негизги идеясы — эне менен баланын ортосундагы мээрим, сүйүү жана бакытты көркөм номерлер аркылуу чагылдыруу болду. Студенттердин ырлары, поэзиялык чыгармалары жана чыгармачылык номерлери конокторго жылуу маанай тартуулап, майрамдык кечеге өзгөчө көрк берди.

         Жыйынтыктап айтканда, бул жолугушуу апалар менен окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдеп, студенттерге берилген тарбия менен билимдин артында чоң мээрим, колдоо жана ишеним жатканын дагы бир жолу далилдеди. Мээримге сугарылган тарбия — ийгиликтин башаты экендигин чагылдырган бул кечеде апаларга терең урмат-сый көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.