1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

Адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү

        Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2026-жылы 17-февралда 2-курстун студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыгын чыгарууга арналган конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин практика учурунда алган тажрыйбасын талдоо, кесиптик көндүмдөрүн баалоо жана келечектеги педагогикалык ишмердүүлүккө даярдыгын бекемдөө болду.      Конференцияга практика жетекчилери, окутуучулар жана студенттер  катышты. Студенттер өз баяндамаларында мектеп жана сабак өтүү процесси, окуучулар менен иштөө ыкмалары, заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу тажрыйбасы тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле практика учурунда кездешкен кыйынчылыктар, аларды чечүүнүн жолдору жана алынган сабактар талкууланды.

        Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берип, алардын кесиптик өсүүсүндөгү жетишкендиктерин белгилешти. Айрыкча, коммуникациялык жөндөмдөрдүн өнүгүшү, сабакты пландаштыруу жана окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу боюнча оң өзгөрүүлөргө көңүл бурулду.

        Конференциянын соңунда жыйынтыктоочу сунуштар кабыл алынып, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге ыраазычылык билдирилди. Бул иш-чара болочок мугалимдердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесипке болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түздү.