1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

«Ооган согушунун ардагерлери: баатырдык жана эскерүү»

Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТК-2-24 тайпасында, куратору Н.А. Ташиеванын жетекчилиги астында, Ооган согушунун ардагерлерине арналган куратордук саат болуп өттү. Иш-чаранын максаты — студенттерге тарыхый аң-сезимди калыптандыруу, мекенчилдик сезимди күчөтүү жана Ооган согушунун тарыхый маанисин түшүндүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ооган согушу тууралуу докладдарды даярдап, мазмундуу баяндамалар жасашты. Ошондой эле учкул сөздөр айтылып, согушта курман болгон жоокерлер эскерилди.

Программада слайд-презентациялар көрсөтүлүп, согуштун тарыхый фактылары, ардагерлердин эрдиги жана алардын коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти.

Бул куратордук саат жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо жана тарыхты урматтоого үндөөдө маанилүү тарбиялык иш-чара болду