1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

31

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА СТУДЕНТТЕР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА

           Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында 1–2–3-курстун студенттери арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — таланттуу жана шыктуу студенттерди аныктоо, ошондой эле алардын англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу болду. Олимпиадага жалпы 32 студент катышты. Алар жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана билимге болгон умтулуусун көрсөтө алышты.Олимпиада эки этаптан туруп, ар түрдүү татаалдыктагы тапшырмаларды камтыды.Биринчи этапта (Grammar & Vocabulary Test) 30 суроодон турган тест аркылуу студенттердин грамматика жана сөз байлыгы боюнча билимдери текшерилди.Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча, 15 студент эң жогорку упай топтоп, экинчи этапка жолдомо алышты.Экинчи этапта катышуучуларга коммуникативдик көндүмдөрүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган 30 ситуациялық суроо берилди.Экинчи этаптын жыйынтыгында 11 студент тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, англис тили боюнча мыкты билимдерин көрсөтүштү.Олимпиада сергек атаандаштык, өз ара урматтоо жана академиялык чынчылдык шартында өттү.Мындай иш-чаралар студенттердин тилдик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.