1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

49

АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП УСУЛДАРЫ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС 

            Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары 2026-жылдын 27–28–29-январь күндөрү Кыргыз Улуттук университетинин улуу окутуучусу Акунова Гулнара Такеевна тарабынан өткөрүлгөн «Англис тилин окутуунун усулу» предмети боюнча мастер-класска катышышты. Мастер-класстын жүрүшүндө Teaching Grammar, Teaching Listening, ошондой эле Learning Apps темалары кеңири камтылып, англис тилин окутууда колдонулуучу заманбап ыкмалар, интерактивдүү технологиялар жана практикалык тапшырмалар сунушталды. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мастер-класс окутуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, кесиптик компетенцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Аталган иш-чара англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга жана заманбап билим берүү технологияларын практикада колдонууга багытталган маанилүү кадам болду.