1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

73

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

             Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2026-жылы 23-январда 2-курстун студенттери үчүн адаптациялык-педагогикалык практика алдындагы конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С.Жолдошалиева, кафедра башчысы, п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева, кафедранын практика жетекчилери жана 2-курстун студенттери катышты. Студенттер бөлүнгөн мектептери, практика жетекчилери, практиканын мөөнөтү жана жол карта менен таанышышты. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди. Конференция суроо-жооптор менен коштолуп,  студенттерге каалоо-тилектер айтылды.