1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

29

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

            Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)-маг–1–24 тайпасынын магистранттарынын илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н. С. Жолдошалиева, филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ы. К. Жолдошбаева катышты. Конференциянын жүрүшүндө магистранттар илимий-изилдөө практикасы убагында аткарган иштерин видеороликтер жана слайд-презентациялар аркылуу сунушташты. Ошондой эле практика маалында жаралган кыйынчылыктар менен жетишкендиктер талданып, SWOT-анализ жүргүзүлүп, активдүү талкуу болду. Иш-чара магистранттардын илимий изденүүсүн бекемдеп, практикалык тажрыйбасын арттырууга өбөлгө түздү.