1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

25

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

            Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында ЧТ-1-25 тайпасы куратору Нышанбай кызы Байыманын жетекчилиги астында жаңы жылга арналган майрамдык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага институттун директору Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Ы.К. Жолдошбаева жана кафедранын окутуучулары күбө болушту. Анда тайпанын студенттери активдүү катышып, майрамдык маанайда уюштурулган программа көрүүчүлөргө жагымдуу таасир калтырды. Студенттер  ар кандай оюн-зооктор, чыгармачыл номерлер жана жыл жыйынтыгын чыгарган кызыктуу талкуулар уюштурушту. Майрамдык атмосфера студенттердин биримдигин бекемдеп, жагымдуу эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулады. Куратор Нышанбай кызы Байыма студенттерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, окууда жана жашоодо ийгиликтерди каалады. Бул иш-чара тайпанын ынтымагын арттырып, жаңы жылдык жакшы маанай тартуулаган өзгөчө күн катары эсте калды.