1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

104

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН КУРСКА КАТЫШТЫ

           Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын жана чет тилдер колледжинин окутуучулары өз кесиптик билимин жогорулатуу максатында 2025-жылдын 21-октябрынан 25-декабрга чейин онлайн форматта ZOOM платформасында өткөн массалык ачык онлайн курсунун (MOOC) катышуучулары болушту. Курстун лектору Америка Кошмо Штатынын эл аралык окутуу жана эл аралык бизнести башкаруу боюнча адис Дора Бернал болду. Окуу программасынын алкагында катышуучулар англис тилин окутуунун заманбап усулдары, тилди үйрөтүүдөгү маданий компонент, окутуунун эффективдүү уюштуруунун жолдору боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушту. Ар бир сабакта окутуучуларга практикалык тапшырмалар берилип, алар топтордо презентация даярдоо жана талкуулоо аркылуу иш алып барышты. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын майрамдары менен Кыргызстандын улуттук майрамдарынын окшоштуктары жана айырмачылыктары салыштырмалуу изилденип, кеңири талкууланды. Курстун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырыларын курстун уюштуруучусу, Америка борборунун координатору Манас Мурзалиев белгиледи.