1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

36

УЛУТТУК РУХАНИЙ МУРАСТЫН УЛУУ МУГАЛИМИ: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КУРАТОРДУК СААТ

         Англис тили кафедрасындагы ЧТк-2-25 тайпасынын студенттери куратору З.Т. Жолдошеванын жетекчилиги алдында кыргыз элинин улуу жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлү Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган куратордук саат өткөрүштү.Иш-чаранын алкагында залкар калемгердин көркөм чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып, анын тагдыр жолун, чыгармачылык эволюциясын жана адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган идеяларын чагылдырган видеопрезентациялар көрсөтүлдү. Студенттер Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын ички дүйнөсүн, адам менен коомдун ортосундагы татаал карым-катнаштарды көркөмдөп ачып берүүгө аракет кылышты. Куратордук сааттын  максаты — жаш муундун аң-сезимине Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу улуттук руханий баалуулуктарды, адамгерчилик, адеп-ахлак, боорукерлик жана мекенчилдик сезимдерди терең сиңирүү болуп эсептелет. Иш-чара тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк мааниси менен айырмаланып, студенттер үчүн чоң таасир калтырды.