1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

29

МАНАС — ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ, АЙТМАТОВ — АКЫЛЫБЫЗДА ЖАШАЙТ

          Англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Н.А.Жумабекованын жетекчилиги астында уюштурулган English Drama Club ийрими 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрдагы туулган күнүнө арналган илимий-адабий кече уюштурду. Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоо жана Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын маанилүү инсан экенин баса белгилөө. Программада презентациялар, сахналык көрүнүштөр жана талкуулар орун алып,  байыркы «Манас» эпосунун тарыхый мааниси, мазмунунун тереңдиги, ошондой эле Айтматов чыгармаларындагы гуманисттик идеялар жана дүйнөлүк темалар кеңири ачылды. ЧТ-1-24 жана ЧТ-1-25 тайпаларынын студенттери «Манастын» улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо тууралуу баяндама жасап, жазуучунун философиялык көз карашы, чыгармачылык жолу жана дүйнөлүк адабияттагы орду жөнүндө ой бөлүшүштү.English Drama Club ийриминин мүчөлөрү Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мини-инсценировкаларды көрсөтүп, поэзия окуп,монолог окуп, анын каармандары жана баяндоо өзгөчөлүктөрү тууралуу аналитикалык ойлорун ортого салышты. Кечеде илим, адабият жана чыгармачылык айкалышкан өзгөчө атмосфера жаралып, маданий мурасты терең үйрөнүүсү жана жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсү баса белгиленди. Иш-чарада катышуучулар Кыргызстан маданий мурасынын байлыгына таазим кылышып, «Манас — жүрөгүбүздө, Айтматов — акылыбызда жашайт» деген ураанды дагы бир жолу ырасташты. Бул маанилүү жолугушуу улуттук адабий баалуулуктарды үйрөнүүнүн жана жайылтуунун жаш муундар үчүн зор мааниге ээ экенин көрсөттү.