1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

42

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ “СТАРТАП” ДОЛБООРУНДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

          Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-24 тайпасынын студенттери университетибизде уюштурулган  “Стартап” долбооруна активдүү катышып, жыйынтыгында 3-орунду багындырышты. Тайпа жетекчи Н.Ташиеванын айтуусунда иш-чарада студенттер өздөрүнүн стартап идеяларын  жогорку деңгээлде сунуштап, калыстар тобунун оң баасына ээ болушту. Команда идеясынын актуалдуулугу, инновациялык көз карашы жана презентациянын мазмундуулугу менен өзгөчөлөндү. Бул ийгилик студенттердин билимге умтулуусун, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана заманбап долбоорлор менен иштөө жөндөмүн айгинелейт. Тайпаны жетишкен ийгилиги менен куттуктап, мындан аркы окууларында жана долбоорлорунда  чоң чыгармачылыктарды каалайбыз.