1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

41

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА КОНОК ЛЕКЦИЯ

             Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында мазмундуу жана таасирдүү конок лекция уюштурулду. Конок лектор катары Бишкек жол транспорт колледжинин окутуучусу Алиева Атыркүл Шайыковна чакырылып, англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттерине «Тил илиминин ресурстарын колдонуу аркылуу балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу» деген темада лекция окуду.Лекциянын жүрүшүндө тил илиминин мүмкүнчүлүктөрүн экологиялык тарбия берүүдө натыйжалуу пайдалануунун жолдору каралып, балдардын экологиялык аң-сезимин жана маданиятын калыптандырууда тилдин ролу кеңири баяндалды. Лекция практикалык мисалдар менен коштолуп, студенттердин активдүү катышуусун жаратты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу өттү.