1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

45

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАК

2025-жылдын 12-декабрында англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Нышанбай кызы Байыма ЧТ-1-25 тайпасына оозеки кептин практикуму предметинен “The Challenge of Running a Family Business” деген темада ачык сабак өттү.Сабактын максаты – студенттердин окуп түшүнүү (reading comprehension) көндүмдөрүн өнүктүрүү жана үй-бүлөлүк бизнести жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарды ар тараптуу талдоо.Сабактын жүрүшүндө студенттер берилген текст менен иштеп, үй-бүлөлүк бизнестин көп учурда эмнеликтен ийгиликке жетпей каларын талкуулашты. Анда интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, жаңы сөздөр оюн жана технологиялардын жардамы менен өздөштүрүлдү.Студенттер темага байланыштуу презентацияларды даярдап, өз ойлорун англис тилинде эркин билдиришти. Сабакта топтук талкуу, суроо-жооп ыкмалары кеңири колдонулуп, жигердүү жана кызыктуу атмосфера түзүлдү.Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, студенттер тема боюнча пайдалуу маалыматка ээ болушту.