1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

40

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ААЛАМ ГУМАНИЗМИ

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-23 тайпасынын студенттери улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата адабий кече өткөрүштү. Иш-чарада улуу жазуучунун өмүр баяны жана чыгармалары тууралуу слайд, адабий чыгармаларынан үзүндү жана анын учкул сөздөрү тартууланды.

Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин гана эмес, бүткүл адамзат маданиятынын улуу өкүлү. Анын чыгармалары улуттук чөйрөдөн чыгып, жалпы адамзаттык маселелерди көтөргөндүгү менен айырмаланат. Жазуучунун гуманисттик дүйнө таанымы адамдын тагдырына, ички дүйнөсүнө, моралдык жоопкерчилигине терең көңүл буруу менен мүнөздөлөт.

Жазуучу үчүн гуманизм – адамды адам кылган абийир, боорукерлик, жоопкерчилик жана сүйүү. Айтматов өз каармандары аркылуу адам баласын ойлонууга, өз тандоосу үчүн жооп берүүгө чакырат. Ошондуктан анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, ар улуттун окурмандарына түшүнүктүү болуп келет.

Айтматовдун мурасы – бул ааламдык гуманизмдин көркөм чагылдырылышы, адамзаттын руханий биримдигине кызмат кылган баа жеткис кенч.