1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

“АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КУРАТОРДУК СААТ

 Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин англис тили жана адабияты кафедрасында ЧТк-4-24 тайпасынын студенттери үчүн «Адам укугу жана эркиндиги» аталышта тарбиялык сааты өтүлдү. Иш-чараны аталган кафедранын улуу окутуучусу Ч. К. Абдыкалыкова алып барды. Тарбиялык сааттын жүрүшүндө студенттерге адам укуктары, жарандык эркиндиктер, алардын мазмуну жана коомдогу орду тууралуу кенен маалыматтар берилди. Темага байланышкан слайд-презентация, видеороликтер жана заманбап окутуу ыкмалары колдонулуп, талкуу жана суроо-жооп форматындагы активдүү маек уюштурулду.

Тарбиялык саатка филология институтунун директорунун орун басары Ы. А. Исабаева, кафедранын окутуучулары жана студенттер катышты. Алар адам укугун урматтоонун, мыйзамдуулукту бекемдөөнүн жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Катышуучулардын пикири боюнча, тарбиялык саат жогорку деңгээлде уюштурулуп, коюлган максатына толук жетти. Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын укуктук билимдерин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.