1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

БИЗ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫБЫЗ

2025-жылдын 10-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-4-24 тайпасынын студенттери «Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу чыгармачыл сынакта «Эң мыкты видеоролик» номинациясы боюнча  биринчи орунду ээледи. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында жана 9-декабрь — Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Сынакка университеттин студенттери активдүү катышып, өлкөдө коррупцияны жоюуга жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган социалдык маанидеги видеороликтерди сунушташты. ЧТк-4-24 тайпасы даярдаган видеоролик мазмунунун актуалдуулугу, чыгармачылык табылгалары жана коомду ойго салуучу идеялары менен өзгөчөлөнүп, калыстар тобунун жогору баасына татыды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Жалал-Абад облусунун прокурору, юстициянын полковниги Т. К. Ишеналиев катышып, студенттерге грамотаны жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Ал жаштарды активдүүлүгү үчүн кубаттап, коррупцияга каршы туруу — ар бир жарандын милдети экенин белгиледи.