Ата-энелер менен жолугушуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультенинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23, ЧТк-2-23, ЧТк-3-23 тайпаларынын кураторлору Н.Э.Арсланбекова, А.Д.Керимбердиева, Г.А.Жороева тарабынан 2024-жылы 17-февралда аталган тайпалардын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова катышып, студенттердин коомдук-тарбиялык иштердеги ийгиликтери жана академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча маалымат беришти. Тайпалардын кураторлору өз кезегинде студенттердин окуу акысын төлөө, сабактарга катышуусу, жетишүүсү, AVN порталындагы студенттердин билимин баалоо системасына киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө кеңири түшүнүк беришти. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.