1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ «МАНАС», АКЫЛЫБЫЗДА «АЙТМАТОВ» ЖАШАЙТ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология интститутунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Н.А. Жумабекова жана Нышанбай кызы Байыма 4-декабрь- “Манас” эпосунун күнүнө жана 12-декабрь- залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Жүрөгүбүздө “Манас”, акылыбызда Айтматов жашайт” деген темада куратордук иш-чара уюштурушту.

Адабий кечеде ЧТ-1-24, ЧТ-1-25 тайпасынын студентери “Манас” эпосунан жана Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөрдү англис тилинде аткарышты. Иш-чаранын максаты — "Манас" эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы кыргыз элинин баалуулуктары, маданияты жана өзгөчөлүктөрү менен кеңири таанышуу. ЧТ-1-24 жана ЧТ-1-25 тайпаларынын студенттери өздөрүнүн чыгармачыл иштерин көрсөтүп, кыргыз адабиятынын дүйнөлүк маңызын кеңири талкуулашты.

Бул иш-чаранын жүрүшү университетибиздин студенттеринин билим алуусундагы маанилүү бир кадам болуп, аларды улуттук баалуулуктарды терең урматтоо жана өлкөнүн маданиятына болгон сүйүүсүн өркүндөтүүгө чакырды.