1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

60

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ

 Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыгы боюнча конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Ч.А.Асылбекова, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С.Жолдошалиева, кафедранын практика жетекчилери жана 4-курстун студенттери катышты. Анда студенттер практика учурунда өтүлгөн сабактардан слайд-шоу, үзүндүлөрдү көрсөтүштү жана практика боюнча презентация жасашты. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет беришип студенттерди баалашты. ЖАМУнун өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С.Жолдошалиева конференция боюнча өз ой-пикирин, сунуштарын айтты. Конференция суроо-жооп менен коштолуп,  студенттерге каалоо-тилектер айтылды.