1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН СТАЖИРОВКА

                Англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Гулбарчын Абдимажитовна Орозбаева Балтия жана Түндүк Европанын алдыңкы окуу жайларынын бири — “Baltijas Starptautiskā Akadēmия” базасында өткөн эл аралык онлайн стажировкага ийгиликтүү катышты. Стажировка 2025-жылдын 10-мартынан 20-апрелине чейин өткөрүлүп,  «Илимий макалалар – академиялык карьерадагы ийгиликтин негизги фактору: өз эмгегиңди кантип жана кайда жарыялоо керек?» деген темада болду.Программа учурунда Scopus жана Web of Science базаларында иштөө боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, илимий макалаларды даярдоо, журнал тандап жарыялоо жана ишенимсиз журналдардан сактануу боюнча пайдалуу кеңештер берилди. Ошондой эле эл аралык кызматташтык жана илимий өнүгүүнүн жолдору талкууланды.Стажировканын жыйынтыгында Г.А. Орозбаева 180 сааттык (6 ECTS) эл аралык сертификат алып, квалификациясын жогорулатуу боюнча талаптарды ийгиликтүү аткарды. Программанын өзгөчөлүгү — практикалык багыттагы сабактар, ийкемдүү окуу графиги жана актуалдуу методикалык материалдардын сунушталышы болду.