1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫН АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮГӨ ИНТЕГРАЦИЯЛОО: ТИЛ МЕНЕН УЛУТТУК АҢ-СЕЗИМДИ БАЙЛАНЫШТЫРУУ

2025-жылдын 2-декабрда филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын англис тилин үйрөтүүгө интеграциялоо: тил менен улуттук аң-сезимди байланыштыруу” деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын максаты — Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу тилди үйрөтүүдө улуттук жана универсалдык баалуулуктарды чагылдыруу, адабият менен тилди интеграциялоонун натыйжалуу ыкмаларын сунуштоо жана студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларын англис тилин үйрөтүү процессинде колдонуу тажрыйбалары, тексттердин лингвомаданий өзгөчөлүктөрү, тил үйрөнүүдө адабияттын орду жана студенттердин улуттук өздүгүн калыптандыруудагы мааниси талкууланды. Конференцияга илимпоз окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышып, баяндамалар, презентациялар жана интерактивдүү талкуулар аркылуу активдүү пикир алмашуу болду.