1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

УЛУУ МУРАСКА ТААЗИМ

2025-жылдын 2-декабрь күнү филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23 тайпасынын куратору Н.Э Арсланбекова жана студенттери тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасына арналган “Улуу мураска таазим” аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – Ч. Айтматовдун дүйнөлүк жана улуттук адабияттагы ордун белгилеп, анын көркөм чыгармалары аркылуу жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу, адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана тил үйрөнүүдөгү интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү болуп саналат.Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр, көркөм окуу, музыка жана презентациялар коштолду. Ошондой эле, Айтматовдун өмүрү, философиялык ойлору жана чыгармаларындагы адамзаттык баалуулуктар тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чарага филологиялык багыттагы окутуучулар, студенттер, жана коноктор катышып, жазуучунун мурасын жаңыча баалоого шарт түзүлдү. Адабий кеченин жүрүшү эстетикалык, билим берүү жана таасир берүү максаттарын ийгиликтүү айкалыштырып, катышуучулардын жогорку деңгээлде кызыгуусун жаратты.