1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

ЖАМУнун студенттери арасында "Токто СПИД" акциясы өттү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөш күнүнө карата, филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23 тайпасынын куратору ф.и.к., доцент Н.Э Арсланбекова жана тайпа сдуденттери тарабынан “Токто СПИД” аттуу маалыматтык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин арасында ВИЧ/СПИД тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандыруу жана жаштардын саламаттыгына кам көрүүгө үндөө болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө СПИДдин алдын алуу, жугуу жолдору, коргонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип, видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, темага байланышкан викториналар,флешмоб жана талкуулар уюштурулду. Студенттер өз ойлору менен бөлүшүп, бул илдетке каршы күрөшүүгө ар бир адамдын жоопкерчилиги бар экени белгиленди.

“Токто СПИД” акциясы жаштардын саламаттык маданиятын жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара болуп, билим берүү менен бирге адамдык баалуулуктарды да жайылтууга өбөлгө түздү.