1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫ

ЖАМУнун филология институтуна караштуу англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-24 тайпасы куратор А.А.Сопукулова менен биргеликте 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Манас шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине өздөрүнүн кайрымдуулук акциясы менен барышты. Студенттер мекемеге алдын ала даярдалган керектүү буюм-тайымдарды, күнүмдүк муктаждыкка жарай турган каражаттарды жана балдарды кубанткан түрдүү белектерди тапшырышты. Балдар үчүн атайын даярдалган майрамдык концерттик программа, ыр-бийлер жана кызыктуу оюндар көрсөтүлүп, балдарга жылуу атмосфера, көңүл көтөргөн жагымдуу маанай тартууланды.

 Иш-чаранын  максаты – жардамга муктаж балдарга камкордук көрсөтүү менен катар студенттерди адамгерчиликке, боорукердикке, кайрымдуулук маданиятына жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо болду. Студенттер коомго пайдалуу демилгелерге катышуунун маанисин терең сезишип, мындай жолугушуулар алардын руханий өсүшүнө жана кесиптик калыптанышына оң таасир берди. Иш-чара жылуу сезимдерге, өз ара жаралуу мамилеге жана жакшылыкты бөлүшүүнүн кубанычына толду.