Эне тил - улут уңгусу
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-21 тайпасынын куратору А.Б.Мамбеталиева, ЧТк-2-21 тайпасын куратору Нышанбай кызы Байыма тарабынан 2024-жылдын 14-февралында “Эне тил – улут уңгусу” атуу ачык тарбиялык куратордук саат өтүлдү. Тарбиялык саатта студенттер тарабынан эне тил күнүнүн белгиленип калыш тарыхы жөнүндө маалымат берилди жана кыргыз, орус, англис, француз, кытай тилдеринде сүйлөшүп, көркөм окуулар окулуп, эне тил жөнүндө обондуу ырлар ырдалып, макал-лакаптар, учкул сөздөр айтылды жана ЧТ-1-21 тайпасынын студенти А.Кучкарова кыргыз эл жазуучусу К.Баялиновдун “Ажар” аттуу чыгармасынан Ажардын монологун, ЧТк-3-23 тайпасынын студенти Султаналиева Арууке Курманбек дастанынан узунду аткарышты. ЧТк-2-21 тайпасынын студенттери тарабынан кыргыз тилинин тагдыры – кыргыз улутунун тагдыры боюнча сахналык көрүнүш көрсөтүштү. Бул тарбиялык ачык сааттка филология факультетинин деканы, фил.и.к., доцент Ч.А Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент А.О.Калмуратова, ЭЮКтун кыргыз тили мугалими Г.С.Мамарасулова, ЖАМУнун филологиялык билим берүү багытында окуп жаткан аспиранттар катышып, элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан - анын тили экенин белгилешип, ата бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүбузгө сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жугумдуу да, көркөмдүү да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү – ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз экенин белгилешти.