1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

ИНТЕРАКТИВДҮҮ ОКУТУУГА БАГЫТТАЛГАН АЧЫК САБАК

      Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунда англис тилин окутуунун усулу сабагынан кызыктуу ачык сабак болуп өттү. Англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Гүлбара Жороева ЧТ-1-23 тайпасына “Giving Instruction” темасында сабак өтүп, окутуунун интерактивдүү жана натыйжалуу ыкмаларын сунуштады.Сабактын жүрүшүндө студенттерди  сынчыл ой жүгүртүүгө, өз алдынча чечим кабыл алууга жана актвдүүлүккө багытталган методдор колдонулду. Студенттер өздөрү даярдаган мини-сабактарын көрсөтүп, практикалык көндүмдөрүн жана чыгармачыл потенциалын ачып беришти.Интерактивдүү форматта уюштурулган ачык сабак студенттердин кызыгуусун арттырып, окутууда көрсөтмө берүүнүн эффективдүү жолдору тууралуу терең түшүнүк берди. Сабак өз максатына жетип, мотивациялуу жана пайдалуу билим берүү процессин түздү.