1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКА  АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

            Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)-маг-1-24 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөө практика алдындагы конференция өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н. С., филология институтунун директору, ф.и.к. Ч. А. Асылбекова жана кафедранын илимий жетекчилери катышып, сөз сүйлөштү.Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга төрт жумалык практика учурунда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди. Практиканын жол картасы жана күндөлүктү алып баруу тартиби түшүндүрүлдү. Ошондой эле, магистранттар илимий жетекчилери менен биргеликте практика учурунда аткара турган иш пландарын түзүштү.