1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Изилдөө этикасына арналган эл аралык конференция

2025-жылдын 17-ноябрында Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Б. Садыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети тарабынан уюштурулган изилдөө этикасына арналган эл аралык конференцияга активдүү катышышты.

Конференциянын негизги максаты — илимий изилдөөлөрдөгү этикалык стандарттар боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо, жоопкерчиликтүү илимий иш жүргүзүүнү өнүктүрүү жана эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүү болду.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана окутуучулар катышып, мазмундуу баяндамалар жана талкуулар өткөрүлдү. Негизги темалар: плагиатты алдын алуу, этикалык экспертиза жол-жоболору, авторлук жоопкерчилик жана маалымат чогултуудагы ачыктык болду.

Бул конференцияга катышуу кафедра окутуучуларынын кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүп, эл аралык илимий кызматташууну чыңдайт. Ошондой эле кафедранын билим берүү жана изилдөө жаатындагы жогорку стандарттарды карманууга болгон умтулуусун көрсөтөт.

-