1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

33

ДУАЛДЫК ОКУТУУ – ТЕОРИЯ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ

 Филология институту студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында дуалдык окутуу системасын туруктуу түрдө ишке ашырып келет. Бул модель студенттерге аудиторияда алган теориялык билимди өнөктөш мектептердеги жумуш ордундагы практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга шарт түзөт. Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А. Жороева жана М.М. Торомаматова шаардагы №8 жана №9 орто мектептеринде өтүп жаткан кесиптик-профилдик практика алкагында студенттерге методикалык колдоо көрсөтүп, дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча насаатчылык иштерин жүргүзүштү. Мындай аракеттер студенттердин сабак өтүүдө заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонуу жөндөмүн өнүктүрүп, окуучулар менен түз иштөө тажрыйбасын бекемдөөгө жана реалдуу иш чөйрөсүнө даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.