1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

ДУАЛДЫК ОКУТУУ БОЮНЧА НАСААТЧЫЛЫК ИШИ

Англис тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Б. Мамбеталиева дуалдык окутууну ишке ашыруу максатында Манас шаарына караштуу №9 Р. Санатбаев атындагы орто мектепке барып, дуалдык окутуу боюнча жүргөн ЧТк-2-22 тайпасынын  студенттери Таштанова Айтурган жана Айбек кызы Айтолкундун сабактарына катышып насаатчылык ишин жүргүзуп келди. Айбек кызы Айтолкун 9-а класстын окуучуларына «It’s our world» темасында сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студент теориялык билимин колдонуп, окуучулар менен интерактивдүү иш жүргүздү, практикалык көндүмдөрдү бекемдеди. Ал эми Таштанова Айтурган 9-г класстын окуучуларына «The cooking competition» темасында сабак өткөрдү, сабактын жүрүшүндө студент окуучуларга тамак жасоо боюнча мелдештин шартын түшүндүрүп, жаңы сөздөрдү тааныштырып, диалог түзүү, рольдук оюндар сыяктуу интерактивдүү тапшырмаларды берди. Насаатчы А.Б. Мамбеталиева окуу процессин көзөмөлдөп, студенттердин иштерин баалап, керектүү кеңештерди берди.Бул дуалдык окутуу тажрыйбасы студенттерге сабак өткөрүүнүн методикасын үйрөнүүгө, теорияны практика менен айкалыштырууга жана мугалим менен ишкананын ортосундагы кызматташтыкты тажрыйба аркылуу сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.