1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

СТУДЕНТ-ПРАКТИКАНТТАРДЫ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

       Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А. Жороева менен М.М. Торомаматова кесиптик-профилдик практика учурунда шаардагы №8 жана №9-орто мектептерине барып, студент-практиканттардын жумуш ордундагы ишмердүүлүгүнө көз салып, методикалык көмөк көрсөтүп келишти.Жумуш ордунда окутуунун башкы максаты – студенттерди чыныгы окутуу чөйрөсү менен тааныштырып, сабак пландаштыруу, өткөрүү, баалоо жана окуучулар менен интерактивдүү иш алып баруудагы практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Окутуучулар студенттердин сабактарына катышып, методикалык жардам жана сунуш-пикирлерин айтышты.Мындан тышкары, методисттер мектептеги англис тили мугалимдери менен биргеликте 5E модели (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) жана Сингапур методикасынын өзгөчөлүктөрү боюнча ой бөлүшүп, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жолдорун талкуулашты.Практиканын мындай форматы студенттердин педагогикалык компетенциясын жогорулатып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзөт.