1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

Иш берүүчү жана эксперт менен жолугушуу: кызматташтыкты чыңдоо жана билим сапатын жогорулатуу

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан билим берүүнүн сапатын эмгек рыногунун талаптарына ылайык  өнүктүрүү максатында иш берүүчүлөр жана эксперттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жалпы билим берүү программасын учурдагы кесиптик талаптарга ылайык жаңылоо маселеси талкууланды. Студенттерди эмгек рыногуна даярдоодо практикалык көндүмдөрдүн жана кесиптик компетенциялардын маанисин белгилешти.

Иш берүүчүлөр окутуунун мазмунун өндүрүштүн муктаждыктарына шайкеш келтирүү боюнча баалуу сунуштарын берип, азыркы эмгек чөйрөсүндө коммуникация, сынчыл ой жүгүртүү жана тил компетенцияларынын мааниси жогорулап жатканын баса белгилешти. Ошондой эле жолугушууда кафедранын жамааты менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында конок лекцияларды жана билим берүү боюнча долбоорлору уюштуруу боюнча сунуштар айтылды.

Мындай жолугушуулар профессордук-окутуучулар курамы менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдеп, сапаттуу билим берүүгө берүүгө өбөлгө түзөт.