1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

183

Окутуунун жаңы технологиялары жана сапаттуу билим

Филология институтунда жаш окутуучуларга колдоо көрсөтүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында «Окутуунун жаңы технологиялары жана сапаттуу билим берүү» аталышындагы окуу-усулдук семинар болуп өттү.

Семинар учурунда англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары  Гүлбара Жороева, Насыйкат Арсланбекова жана Гүлжан Алымкулова сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын сунуштап, студенттердин билим сапатын арттыруунун натыйжалуу жолдору менен бөлүшүштү.

Иш-чарага Филология жана Экономика институттарынын окутуучулары катышып, жаңы методдор жана инновациялык ыкмалар боюнча пайдалуу тажрыйба алышты.

Семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындай иш-чаралардын окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы маанисин белгилешти.