Студенттердин академиялык мобилдүүлүктөгү жетишкендиктери
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Чет өлкөлүк университеттерде окуп келген студенттеринин билим берүү жыйынтыктарын Кыргызстандын ЖОЖдору тарабынан таануу тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 29-апрелиндеги No225/1 жана 2017-жылдын 28-апрелиндеги No7 буйругунун алкагында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-22 тайпасынын студенти Бакытбекова Айназик Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин B018-1721-23-02 тайпасында жана ЧТк-2-22 тайпасынын студенти Апатаева Айбийке К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде окуу жылдын 1-жарым жылдыгын индивидуалдык академиялык мобилдүүлүктү билим берүү программаларынын негизинде ийгиликтүү окууларын улантып, жетишкендиктери жөнүндө сертификаттарды алып келишти. ЖАМУнун студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүнүн максаттары – студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кийин аларды ишке орноштуруу, эл аралык жогорку жана кесиптик билим берүү системасына катышуу, студенттердин эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле студенттердин кадыр-баркын чыңдоо болуп саналат.