1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

137

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА УЧУРУНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Англис тили жана адабияты кафедрасынын кесиптик-профилдик практикасынын алкагында, жумуш ордунда окутуунун планынын негизинде, студент-практиканттарга методикалык жардам көрсөтүү максатында практика жетекчиси А.Б. Мамбеталиева Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы орто мектептеанглис тили мугалими М.А.Жороева менен биргеликте ЧТк-2-22 тайпасынын студенттери Алтынбекова Айганыш, Таштанова Айтурган жана Айбек кызы Айтолкун үчүн жумуш ордунда окутуу сабагын уюштурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө практика жетекчиси студент-практиканттар менен «Кесиптик-профилдик практиканын отчётун жазуу жана SWOT-анализди чыгаруу»темасында түшүндүрмө аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн максаты — студенттерге практика отчётун түзүүнүн тартибин, ага окуу, окуу-усулдук, тарбиялык, класстан тышкаркы жана илимий-изилдөө ишмердүүлүктөрүн камтуу жолдорун көрсөтүү, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн SWOT-анализ аркылуу баалоо көндүмдөрүн өркүндөтүү болду.

Бул иш-чара студенттерге өз тажрыйбасын жыйынтыктап, жумуш ордундагы окутуу процессинде кесиптик өнүгүү багытын аныктоого чоң көмөк көрсөттү.