1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

139

КЕЛЕЧЕКТЕГИ АНГЛИС ТИЛИ ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жумуш ордунда окутуу өзгөчө мааниге ээ болуп, адистерди сапаттуу даярдоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Практикалык иштер боюнча студент-практиканттарга жардам берүү максатында 28-октябрь күнү Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Н.А. Жумабекова жана Нышанбай кызы Байыма шаардагы №9 Р.Санатбаев атындагы мектепте жумуш ордунда окутуу ишмердигинин алкагында англис тили предметинен 6 “е” жана 6”ж” класстарга грамматикалык Auxiliary verb “To Be” темада сабак өтүштү.

Сабак учурунда окутуунун натыйжалуу ыкмалары  колдонулуп,  баары  үчүн пайдалуу тажрыйба болду. Мындай насаатчылык жана кызматташтык тажрыйба алмашуу окутуунун сапатын жогорулатууга жана келечектеги адистерди кесиптик жактан мыкты даярдоого жардам берет.  Анда,  сабакка максат  коюу, натыйжага жеткирүүчү инновациялык усулдарды, заманбап окутуу технологияларын жана интерактивдүү тапшырмаларды түзүү, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу боюнча усулдар көрсөтүлдү.Соңунда англис тили иугалими жана студент-практиканттар менен чогуу сабакка анализ жүргүзүлүп, сунуштар айтылды.