1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

135

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ — ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТИ

Бүгүнкү күндө билим берүү системасы эмгек рыногунун талаптарына ылайык келиши абдан маанилүү болуп калды. Студенттерди теориялык гана эмес, практикалык жактан да даярдоо – замандын талабы. Ушул максатта дуалдык окутуу системасы кеңири колдонулуп келе жатат. Дуалдык окутуу — бул билим берүү процессинде окуу жай менен иш берүүчү уюмдардын биргелешкен ишмердүүлүгүнө негизделген окутуу формасы. Анын негизги максаты – студенттерди реалдуу өндүрүш шартында практикалык көндүмдөргө үйрөтүү. Ушул максатта англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д.Керимбердиева, М.М.Төрөмаматова жана Н.А.Ташиева кесиптик-профилдик практика учурунда Манас шаарындагы     №4,№ 27жана ЖАМУнун инновациялык мектебине барышып, дуалдык окутуу боюнча насаатчылык иштерин жүргүзүп келишти.