1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

118

ӨНҮГҮҮНҮН ӨЗӨКТҮҮ ЖОЛУ

Баарыбызга маалым болгондой, дүйнөлүк атаандаштыкка багытталган республиканын, аймактын жана чет өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салым кошууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу илимий жана кесипкөй кадрларды даярдоо - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун миссиясы. ЖАМУнун республикада эң престиждүү, заманбап жана азыркы коомдо талап кылынган жогорку окуу жайы катары туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу максатында аталган окуу жайдын Филология иститутунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы өз ара ачык сабактарды өткөрүп келишүүдө

Бүгүн, 28- октябрда улуу окутуучу Н.А.Жумабекова ЧТ-1-23 тайпасына англис тилинин синтаксиси предметинен ачык сабагын өттү. Сабактын жүрүшүндө окутуучу инновациялык усулдарды, заманбап окутуу технологияларын жана интерактивдүү тапшырмаларды чеберчилик менен колдонду. Ар бир этап так пландалып, катышуучулардын кызыгуусун ойготту. Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдиришип, сабактын жүрүшүндө чыгармачыл мамиле кылууга мүмкүнчүлүк алышты.

Айрыкча, сабактын уюштурулушу жана мугалимдин жаңыча иштөө ыкмасы жаш мугалимдер үчүн үлгү болорлук болду. Алар үчүн бул сабак шыктануу, өз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүүчү тажрыйба болуп калды. Ачык сабак окутуунун инновациялык ыкмалары канчалык натыйжалуу экенин далилдеп, катышкандардын баарына оң таасир калтырды.